7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өмүр жолу. Залкар жазуучу Бексултан Жакиев каза болду

1239

Кыргыз эл баатыры, залкар жазуучу Бексултан Жакиев бүгүн, 25-апрелде 85 жашында каза болду.  Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

Билими:

  • 1958 — Кыргыз мамлекеттик филология факультетин аяктаган. Камбаралы Бобулов, Сейит Жетимишев, Ашым Жакыпбеков, Чөкү Дөөталиев, Жалил Садыков, Сарман Асанбеков анын курсташтары;
  • 1962 — Киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган.

Эмгек жолу:

  • 1963-1968 — «Кыргызфильм» киностудиясында редактор;
  • 1968-1972 — Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор;
  • 1972-1975 — Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары;
  • 1988-1992 — КР президентинин мамлекеттик кеңешчиси;
  • 1992-1993 — «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору;
  • 1994-2000 — КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы.

Чыгармалары:

Жакиев коомчулукка «Атанын тагдыры» аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.

Жакиевдин «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келер», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза» жана башка драмалары бар.

Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда.

Жазуучу 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

Сыйлыктары:

  • 1974 — Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери;
  • 1989 — КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси;
  • 1993 — Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» ордени жана Даңк медалынын ээси болгон.
  • 1994 — Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты;
  • 1999 — Казакстандын Астана медалы менен сыйланган;
    Бексултан Жакиевге эң даражалуу наам — Кыргыз Эл Баатыры ыйгарылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1240