7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы бир суткада 5 медицина кызматкеринен covid-19 табылды

507

25-апрелге карата коронавирус дагы 228 адамдан аныкталып, Бишкек шаарынан 3, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 149, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 16, Нарын облусунда – 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 186 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 113, Чүй облусунда – 41, Ош облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 8, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 7, Талас облусунда – 5 адам сакайды.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 441 бейтап, амбулатордук түрдө 1 768 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1013 бейтаптын абалы орто оордукта, 354 адамдын абалы оор жана 63 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 400 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 310 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 93 миң 831 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 66 киши айыгып чыкса, 1 миң 582 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

508