Лейлек РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан эки жигиттин денесиндеги жарааттарынын оордук деңгээлин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сырттан кароо жүргүзүү учурунда алардын көзүндө көгөргөн жаракаттары жана денелеринде сыйрылган жарааттары бар экендиги аныкталган.
Эки жигиттин айтымында,
24-апрелге караган күнү болжол менен саат 01:30 бет кап кийген 5 адам келип, денелерине жараат келтирип, 90 метр алыстыкта жайгашкан суу сактагычтын имаратынын ичинде ур-токмокко алган. Андан кийин көзүн байлап, автоунаага салып Б.Гафуров шаарындагы аскер бөлүгүнө алып барышкан.
«Силер там салып жаткан жер Тажик Республикасына таандык» деп урушкан.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин, бүгүн туштөн кийин Кулунду айыл аймагындагы чек ара постуна алып чыгып Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлерине тапшырышкан.