7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстан дайынсыз жоголгон 2 балага кошуп, даагы 6 жаранды өткөрүп берди

2388

Бүгүн, 24-апрель эрте менен Лейлектин Эски-Оочу айылынан дайынсыз жоголгон 2 жаран Тажикстандан табылып, түшкү саат 15:00дө мекенине кайтарылды. 

Кыргыз-тажик бийлик органдарынын сүйлөшүүсүнүн негизинде жоголгон Ашрапов Дастанбек, Каныбек уулу Кубатбек жана аларга кошо 6 кыргыз жаранын Тажикстандын чек ара кызматы өткөрүп берди.

«Облус жетекчилигинин орун басары эрте менен окуя болгон жерге барып, Тажикстан тарап менен расмий сүйлөшүүлөрдү жургүздү. Коңшу өлкө изделип жаткан 2 бала менен бирге даагы 6 адамды, жалпы 8 жаранды өткөрүп берди. Алар түрдүү себептерден улам, Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан кармалып турган экен» -дейт облус башкармалыгынын басма сөз катчысы.

Эске салсак 24-апрель күнү эрте мененки тамактанууга барбай калган балдарын таппай коомчулуктан жардам сурап ыйлаган эненин видеосу интернетте таркаган. тасмадан балдардын бош чатыры жана кан болгон кийимдерин корүүгө болот.
Ашрапов Дастанбек менен Каныбек уулу Кубатбек чек арага жакын жерде курулуш иштерин жүргүзүп, ошол курулуш материалдарын кайтарып жатуу максатында курулуш болуп жаткан жерге келип түнөшкөн.
Бул факты Лейлек РИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 170-беренеси (Киши уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын, Баткен ОИИБи билдирди.
Учурда Лейлек РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Ашрапов Дастанбек менен Каныбек уулу Кубатбектин денесине алган жараатынын канчалык оордугун аныктоо боюнча тиешелүү эскпертиза дайындалган.

Чек ара. Лейлекте кан болгон төшөк калып, 2 бала дайынсыз жок

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2389