Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кече, 23-апрелде коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык ал кытайдан келген «Синофарм» вакцинасы менен эмделген.
Эске салсак вакцина алуу жарандардын өз ыктыяры менен 2 ирет, 25-28 күн аралыты сактап жүргүзүлөт.
Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык , 65 жаштан жогорулар жана өнөкөт оорусу барлар Россиядан алынган «Спутник» вакцинасын алат.
Башка жарандарга Кытайдына келген «Синофарм» жана Англиядан алынган «Астразенека» вакциналары бар. Баардыгы акысыз берилет.