7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында грек-рим күрөшү өттү

351
Бишкекте угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында грек-рим күрөшү боюнча шаардын биринчилиги өттү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалым болгондой, 2026-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨСМдүн базасында угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында грек-рим күрөшү боюнча Бишкек шаарынын чемпионатынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Мелдештер эл аралык эрежелерге ылайык жеке эсепте өткөрүлүп, ага Бишкек шаарында жашаган угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 30 спортчу катышууда.
Ошондой эле 55 кг, 60 кг, 63 кг, 67 кг, 72 кг салмак категорияларында өттү. Жеңүүчүлөр медалдар, дипломдор жана уюштуруучулар тарабынан даярдалган баалуу белектер менен сыйланышты. Чемпионатты Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби уюштурду.
352