7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мугалимдердин эмгек акысынын жаңы төлөмдөрү кандай эсептелинет?

14

Мугалимдердин көбөйтүлгөн эмгек акылары кандай эсептелинерин “Кабар”агенттигинде өткөн маалымат жыйынында бюджеттик саясат, каржылоонун анализи жана инфраструктура башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратова түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, жаңы эмгек акы төлөө шарттарында минималдык базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө сакталат жана ал эмгек акыны эсептөөнүн негизи болуп калат.

“Эмгек акыны эсептөө үчүн 7040 сомду негизги эселөө коэфиценттерине көбөйтүү менен бир ставкадагы базалык эмгек акынын эсеби чыгат.

Ага ылайык, төмөндөгүдөй төлөмдөр каралды:

  • Эмгек стажы үчүн — 10-30%га чейин кошумча төлөм;
  • Класс жетекчилик үчүн — 2100 сом; (мурун 1400 с);
  • Дептер текшерүү үчүн — 2700 с кошумча акы (өзгөртүүсүз).

Аталган каражат башталгыч класстын мугалимдерин 16 саат үчүн, жогорку класстардыкына — 18 саат үчүн төлөнөт. Ошондой эле ставкага жараша азаят же көбөйөт. Бул кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдери жана окуу, чет тили, математика мугалимдери үчүн белгиленген.

Эл аралык жана республикалык олимпиаданын катышуучуларын даярдаган мугалимдерге, аттестацияынын негизинде ыйгарылган категорияга, окумуштуулук даражаларга, иштин оордугуна карата да кошумча төлөмдөр каралган.

Мындан тышкары билим берүү системасынын кызматкерлерине 15 миң сом, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт”,-деп билдирди жетекчи.

Белгилей кетсек, эртеңден тарта өлкө боюнча бардык мугалимдер бирдей шартта эки эсе жогорулатылган айлык акы ала башташат.

15