7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Африка менен туруктуу жана конструктивдүү саясий диалогду түзүүгө кызыкдарбыз

309

Бул сапар Кыргызстандын Африка багытындагы тышкы саясатынын жаңы этабынын башталышы. Бул тууралуу Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Африка – дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан аймактардын бири, ал эми Того – уникалдуу маданий мураска бай жана өз аймагында маанилүү орунду ээлеген өлкө. Андыктан бул келечектүү аймак менен туруктуу жана конструктивдүү саясий диалогду түзүүгө кызыкдарбыз. Өткөн жылы биз Эфиопияда Кыргыз Республикасынын Элчилигин ачтык, ал эми жакын арада Мисирде дагы ачабыз. Кыргызстан, өз кезегинде, 2021-жылдан бери экономикалык өсүш боюнча жогоркукөрсөткүчтөргө жетишти. Ошентип, акыркы жылдардагы экономикалык өзгөрүүлөр өлкөлөрүбүздү бириктирип турат. Ошондой эле, эки өлкөнүн келишим-укуктук басазын түзүү үчүн биз бир катар маанилүү келишимдерге кол койдук»-, деди Садыр Жапаров.

Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында энергетика, санариптик өнүгүү, билим берүү, финансы жана маданият жааттарында бир нече сунуштар айтылды.

310