Базар-Коргон районундагы Жон айылынын 2005-жылы туулган тургуну Айнуска Саматова 29-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Учурда Айнуска жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 165-170 см, өңү ак жүздүү, кашы- көзү кара, чачы кара кыска, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү толстовка жемпир, джинсы шым, бутунда жашыл түстөгү кроссовки болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Саматова Айнуска Болотбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Тел.: 102, (03736) 5 02 61, 0995 88 02 00.