«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Карыбаев камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Соттун ушул жылдын 6-октябрдагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, К.У.га карата 16-октябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынды.