7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1996-жылы мыйзамсыз берилген 98 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

853

1996-жылы мыйзамсыз берилген 98 млн сомдук 4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайтарып алуу аракеттери Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн. Натыйжада, Жалал-Абад шаардык мамлекеттик акимдигинин (азыркы мэрия) 1996-жылдын 22-августундагы мыйзамсыз буйругу менен аталган шаардан 4 гектар жер «А.» аталышындагы ишкерлер ассоциациясына менчик катары автосервис куруу үчүн берилип кеткендиги аныкталган.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн буйрукту жараксыз деп табуу жөнүндөгү шаардык прокуратуранын доо арызы бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылган. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

854