Бишкек шаарындагы Рухий-Мурас жаңы конушунда эки күндөн бери суу жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар массалык маалымат булактарына кабарлашкан.
Алардын айтымдарында, суу айрым жашоочулар акча төлөбөгөндүктөн өчүрүлгөн.
«Бизде эки күндөн бери суу жок. Биз тамак жасап, кир жууй албай отурабыз. Жаңы конуштун бардык тургундары дүкөндөрдөн суу сатып ичүүгө мажбур болуп жатышат. Эмне үчүн кээ бир карызы бар жашоочулардун айынан бүтүндөй бир айыл жабыркашы керек? Биз бардык коммуналдык төлөмдөрдү өз учурунда төлөйбүз, эмне үчүн бизге мындай акыйкатсыздык кылып жатышат? Кечээ түнү тургундар чыдамыбыз кетип жергиликтүү администрацияга бардык. Алар бизге жалпы карыздын көлөмү 2 миллион сомго жеткени менен түшүндүрүштү», — дейт ал.