Кыргызстанда микрокредиттик компаниялардын үстөк пайызы менен насыяга акча алып бизнес кылуу мүмкүн болбой калды. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго суроо берип жатып билдиришти.
Эл өкүлдөрү, акыркы учурда микро кредиттик компаниялардан кредит алып, төлөй албай үйүн алдырган жарандар көп болуп жаткандыгын айтып, ага Улуттук банк кандай реакция кылып жатканын сурашты.
Толкунбек Абдыгулов Улуттук Банк микрокредиттик компаниялардын кредиттик пайыздарын аныктоого кийлигише албасын билдирди. Ага жүйө катары, рыноктук экономика жабыркабаш керек деген пикирип айтты.
Депутат Алтынбек Сулайманов, Улуттук Банктын милдеттерин Абдыгуловдун эсине салуу менен, эл үчүн эч кандай иш жасабай жаткандыгын эскертти.
«Силердин милдет элдин кызыкчылыгы үчүн иштөө. Банктын ичинде банк ачып алып, пайыздарын түшүргөндүн ордуна көтөрүүгө кызыктар болуп, коргоп олтурасынар. Эмне үчүн банктар инфляцияны эске алып, жогорку үстөк пайыздарды коюп алса ага силер макул болосуңар да, кредитке алган акчасы өзүн актабай күйүп, үйүн алдырып жаткан карапайым элди ойлобойсуңар?» -деп суроо койду.
Абдыгулов бул суроого адатынан жазбай, «Баардыгы мыйзам чегинде болууда» -деп жооп кайтарды.
Ушундай эле өңүттөгү банктардын пайыздарына нааразычылыктар айтылган бир топ суроо жооптон кийин, Улуттук Банк микрокредиттик компаниялардын үстөк пайызын түшүрүү жолун карап чыгып, Жогорку Кеңешке алып келүүсү сунушталды.
Буга чейин андай сунуш эмне үчүн болбогондугу айдан ачык белгилүү, эми мындан кийин Улуттук Банк эл үчүн иштейби же өздөрү аралашкан чакан ишкер топ үчүн иштейби, бир айдан кийин белгилүү болот. Анткени Улуттук Банк жылдык отчётун Жогорку Кеңешке алып келет.