Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. тарабынан каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Талаптар аткарылбаган учурда соттолуучуну белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга байланыштуу жаза чыгаруу менен коркуткан.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде судья тарабынан Ленин райондук сотунун аппарат кызматкерлерин, ошондой эле жакын досторун тартуу менен соттолуучулардан акча каражатын алуу максатында уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын анык фактысы такталды.
Бул жагдайда соттун аппаратынын кызматкерлери айыпталуучулардан опузалап алынган сумманы жашыруундуулуктун зарыл чараларын сактоо менен алышып, андан кийин алар талап кылынган сумманы судьянын досуна өткөрүп беришкен, андан кийин гана судья өзүнүн жеке коопсуздугун камсыздагандан кийин гана акчаны алган.
Белгилей кетсек, бул кылмышка тиешеси бар ар бир адам үчүн анын катышуусунун негизинде, опузалап алынган каражаттардын жалпы суммасынан белгилүү бир үлүшү берилип турган.
20-апрелде накталай акча түрүндө пара алуу учурунда бул схеманын бардык катышуучулары кармалып, алардын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилген.
21-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун адиси Ш.Ч.Т. жана ортомчу, судьянын досу Т.М.Т. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жараяны башталат.