7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн жаштардын тилектештигинин эл аралык күнү

464

Демократиялык жаштардын Бүткүл дүйнөлүк федерациясынын чечими менен жаштардын тилектештигинин эл аралык күнү жыл сайын 24-апрелде белгиленет.

Бул майрам биринчи жолу 1957-жылы белгиленип, 1955-жылы Азия жана Африка мамлекеттеринин Бандунг конференциясынын жыйынтыктоочу жыйынына туш келген. Мамлекеттик органдардын, коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн жаштардын көйгөйлөрүнө буруунун дагы бир учуру болуп саналат.

Жаштардын, коомдук уюмдардын, жалпы калктын, кайдыгер карабаган жаш муундун келечегин ойлогон адамдардын аракетин бириктирүү, жаштардын укуктарынын сакталышына коомдун көзөмөлүн күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

Айтмакчы, жаштардын курактык тобунун жалпы кабыл алынган эл аралык бир тандалган жашы жок. Мисалы, БУУ статистикалык максатта “жаштарды” 15 жаштан 24 жашка чейинки адамдар деп аныктаса, учурда Кыргызстанда жаштардын курагы 14төн 28 жашка чейин деп белгиленген. Россияда жаштар 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагы адамдардын тобу болуп эсептелет.

БУУнун маалыматы боюнча, азыр дүйнөдө 2,1 миллиарддан ашык жаштар бар, бул тарыхтагы жаштардын эң чоң мууну. Бардык жаштардын дээрлик 90% өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жашашат, алар калктын олуттуу бөлүгүн түзөт.

БУУ(Бириккен Улуттар Уюму) жаштардын азыркы муунунун өз ара аракеттенүүсү эң жогорку деңгээлде экенин белгилейт.

Ошол эле учурда жаштар өз укуктарын ишке ашырууда эбегейсиз кыйынчылыктарга туш болушат. Ар бир бешинчинин билими, жумушу жок.

Эксперттердин эсеби боюнча, 408 миллионго жакын жаштар иштеп, окуп , же үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болуп кыйналып жашап келишет.

Бул майрамдын каада-салттарына келсек, мурда бул майрам абдан кеңири белгиленчү. Жаштардын тилектештигинин эл аралык күнүндө жаштардын конференциялары,концерттери жана башка майрамдык иш-чаралар өткөрүлчү.
Негизги максаты элдердин достук биригүүсүнүн, улуттардын биримдигин чыңдоо, жаштардын укуктары үчүн күрөштө күч-аракеттерди бириктирүүгө умтулгандыгын көрсөтүү, алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн жаштарды чогултуу болгон.

Учурда бул дата, эреже катары, ар кандай жаштардын жана коомдук уюмдардын демилгеси жана колдоосу менен анда-санда белгиленет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

465