Бишкеткеги №2 аялдардын түзөтүү колониясында массалык коронавирус жуктурган учур катталды. Бул тууралуу «Эркиндик үнү» фондунун төрагасы Батыр Ботобеков кабарлоодо.
Ага бүгүн, 24-июлда Степное айылында жайгашкан колониядагы аялдардын бири телефон аркылуу байланышып ооруп жатканын кабарлаган. Ошондой эле, кечээ аталган абакты Прокуратура кызматкерлери текшерүүгө алып, бүгүн экспресс-тесттер менен даарыгерлер баргандыгын айткан. Натыйжада 250 аялдын 50сү гана таза экендиги маалым болгон.
«Мен өзүмдүн температурам 39 айдан жогору бир айдан бери көтөрүлүп келе жатат, сөөктөрүм жана булчуңдарым ооруп, алсырап, башым ооруп жатат, жардам берүүңүздөрдү суранабыз. Бизди жакшы даарылабай жатышат. Болгону оор абалга жеткенде цифазолин сайып, ага чейин парацетамол да беришпей жатат. Эрте мененки, кечки текшерүүдө аялдар кулап калып жатат, сураныч маалымат каражаттарын байланыштырыңыз» деп абактагы аял адвокаттан жардам сураган.
Булак: Кактус медиа