Жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын мындан ары жакшыртуу, элдик каада-салттарды кайра жандандыруу, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында Президент Садыр Жапаров “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.
— 2021-2026-жылдарга Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын ишке ашыруу палынын 3 ай ичинде түзүп чыгуу Министрлер Кабинетине тапшырылды.
Концепциянын максаты – ар тараптуу өнүккөн, өз элинин руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын терең сиңирген, эне тилин негизги баалуулук катары сыйлаган, билимдүү, жоопкерчиликтүү, дени сак, мекенчил, татыктуу инсанды калыптандыруу.