7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата индиялыктар кыргызча көркөм окушту

826

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 23-июлунда КРнын Индиядагы элчилиги жаш лидердер Конфедерациясынын атынан чыккан индиялык жаштардын арасында кыргыз тилинде ыр окуу конкурсун уюштурду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучулары кыргыз жерине, кыргыз элине болгон сүйүү жана кыргыз табиятынын сулуулугу жөнүндө ырларды окуп, укмуштуудай чыгармачылыгын көрсөтүштү.

Сынактын калыстар тобу Индияда жашаган кыргыз жарандарынан туруп, сынактын катышуучуларынын кыргыз тилинде ыр окуу жөндөмүн жогору баалашты.

Ошондой эле кыргыз элинин маданияты жана каада-салты менен тааныштыруу максатында конокторго Кыргызстан жана анын туристтик дарамети жөнүндө видео көрсөтүлдү.

Индиядагы кыргыз элчиси А. Исаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө элчилик ар дайым Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого салым кошкон жөндөмдүү, демилгелүү жана таланттуу жаштарды колдоого умтулаарын белгиледи.

Сынактын бардык катышуучулары сертификаттар жана эстеликке белектер менен сыйланышты. Элчиликке бул иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришип, абдан кубанышты.

Жолугушуунун аягында иш-чаранын коноктору салттуу тамактардан — боорсок, палоо жана даамдуу токочтордон ооз тийишти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

827