Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. Маалыматты УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын басма соз катчысы тастыктады.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кум-Мазар аймагындагы такталбаган жерде тажиктер ишембилик өткөрүп кумду тазалап баштаган. Ага нааразы болгон Кыргызстандын жарандары каршы пикирин айтып, ортодо таш атышуу орун алган.
Натыйжада Тажикстандын аскерлери ок чыгарып, кыргыз аскерлери ага жооп иретинде ок аткан. Бактыга жараша жабыркагандар жок.
Учурда абалдын курчуп кетүүсүнө жол бербөө үчүн Чек ара кызматынан Баткен облусу боюнча башчысы Кыялбек Төлөнбаев жеринде иш алып барууда. Ошондой эле эки өлкөнүн Чек ара кызматтары жергиликтүү бийлик органдары жана милициянын коштоосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланды.
Учурда абал туруктуу деп бааланууда.
Ал эми, Тажикстан тараптын маалымат каражаттары ок алгач Кыргызстандын аскерлери тарабынан атылганын кабарлоодо. «Азия-Плюс» басылмасы, Чоркух аймактык ооруканасынын башкы даарыгерине таянып, бир аскер жаракат алганын жазды.
Ошондой эле кырсык катталган «Куммазор» — жергиликтүү тажик эли үчүн ар жылы ашар жолу менен тазаланчуу аймак экенин, даарылык үчүн колдонулаары айтылат.