Жапалак аймагында жайгашкан Ош шаарынын таштанды талаасы түнү менен күйүп, түтүнү жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап, ыңгайсыздык жаратууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар биздин сайткан кабарлап, жеринен тасмаларды тартып жиберген.
Күндүзү байкалбаганы менен түнкүсүн таштандылар күйүп жатканы даана көрүнөт. Түтүнүдөн дем алууга мүмкүн болбой калды. Бул көйгөйдү Ош шаарынын мэриясына жана Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаевге да айтканбыз, жыйынтык болбой жатат»- деп кайрылуу жолдошкон жергиликтүү тургундар.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бул маселе боюнча Ош шаардык мэриясына байланышып, кечке чейин топурак менен болсо да өчүрүлөт деген жооп алдык. Ушул учурда вице мэр Асылбек Топчубаев жеринде иш алып барып жатканын тасма аркылуу далилдеди.
«Суу менен өчүрүү аракетибизден майнап чыкпай жатат. Куң ысык болгондугуна байланыштуу астынан күйүп, тутөп жатат. Кечке чейин топурак менен болсо да өчүрүп кетебиз» -дейт вице мэр Топчубаев.