7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

20 жаштагы таланттуу казак ырчысы Садраддин тууралуу фактылар

903

Казакстанда гана эмес бүтүн КМШ өлкөлөрүнө таанымал, заманбап жана хит ырлардын автору Садраддин жөнүндө кызыктуу маалыматтар топтомун бул макаладан окуңуз.

Казакстандык жаш ырчы Садраддин Болат 2003-жылы Шымкент шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын ысымынын мааниси “диндин жүрөгү” дегенди билдирет. Үч бир туугандын улуусу, иниси жана карындашы бар. Учурда Алматы шаарындагы П.Чайковский атындагы колледжде окуйт.

Садраддиндин атасы анын ырчы болуусун каалаган эмес. Атасы жөнүндө ал көп маалымат бербейт, бирок болочокто “Аке” деген ыр чыгарып ошол жакта атасы тууралуу кененирээк айтарын билдирген. Ата-энеси өнөр адамдары, апасы филармонияда комузчу болгон. Садраддин да ата-энесинин жолун жолдоп жашынан эле ырларды аткарганды жакшы көргөн. Мындан сырткары гитара, пианино жана домбрада ойногонду үйрөнгөн.

Бала чактан эле көптөгөн кароо сынактарга катышып байгелүү орундарга ээ болуп келген. 2016-жылы “Балалар байкау” аталышындагы сынакта эл көзүнө илине баштаган. Социалдык тармактарда ар кандай каверлерди аткарып, өзүнүн блогун өркүндөтө баштаган. Ырчынын инстаграмда 2 млн го жакын, тиктокто 1 млн дон ашуун катталуучусу бар. Инстаграмда бир жарнамасы 500 миң теңге турат. Каржы пирамидасы, кумар оюндарын, зыяндуу заттарды жарнамалоого каршы.

Садраддиндин продюсери жок. Ырларынын тексттерин өзү жазып, ар бир ырын чыгаруунун алдында апасы менен кеңешет. Болочокто Райм жана Мейрамбек Беспайев менен коллаборация кылгысы келет. Азыркы учурда “Алия”, “18 лет”, “Тусинбедим”, “Ты моя королева”, “Ана”, “Уйге” ж.б. бир канча ырлардын аткаруучусу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

904