7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек ТЭЦине көмүр жеткирүүдө коррупциялык схема аныкталды

889

«Ысык-Көл пароходствосунун» Балыкчы филиалында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип директордун орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын ЖЭБна жеткирүү учурунда көмүр уурдоо туралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл пароходствосунун Балыкчы филиалында түзүлгөн туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Ысык-Көл пароходствосу» филиалынын станциясынан Бишкек шаарындагы ЖЭБна чейин, ошондой эле Балыкчы шаарынын кампаларында көмүрдү сактоо учурунда темир жол транспорту менен ташууда катуу отундун коромжусун эсептен чыгаруу жолу менен көмүр сатуу фактылары аныкталган.

2021-2023-жылдар аралыгында 6362,1 тоннага жакын, бул жалпысынан 18 млн 995 миң сомду түзүп Ысык-Көл пароходство филиалында көмүр тартыштыгы байкалган.

Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз эсептен чыгаруунун жана туунду компаниялар менен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мыйзам бузуулардын фактылары аныкталган.

2023-жылдын 7-июнунда соттун токтомунун негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтер жана ок атуучу куралдар, ошондой эле транспорт каражаттарынын жасалма номерлери табылып алынган.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш жасаган деген шек менен филиалдын директорунун орун басары У.Т. кармалды.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, келтирилген зыяндын бардык көлөмүн жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

890