Баткенде чек аралаш аймактагы Миң-Өрүк айылында милициянын аймактык тескөөчүсү айылдагы жаш жеткинчек кыздарды ойнотуп алардын көңүлүн көтөрүп бара жаткан видео жергиликтүү тургун тарабынан тартылып алынган. Тасмадагы милиция кызматкери Акылбек уулу Ровшанбек, ал жөнөкөй эле өз ишин аткарып, айылды кыдырып, эл арасында өз кесиптик милдетин аткарып жүргөн. Мындай кызыктуу көрүнүш айыл тургундарынын айтымында күнүмдүк эле көрүнүш катары болуп, дагы көп кызыктуу окуялар болуп турарын жергиликтүү тургундар айтышууда.
Кичинекей кыздарды ойнотуп көңүлүн көтөргөн милиция кызматкери
