Баткен облусунун жашоочуларын алдап, акча котортуп жүргөн жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Баткен районунун Самаркандек айылынын 50 жаштагы тургуну уулунун телефонуна белгисиз жаран чалып, “Мен жездең, бирөөнү унаам менен койдуруп кеттим, 120 миң сом которуп тур”- деп акча котортуп алганын айтып, 9-мартта милицияга кайрылган. Алгач 50 миң сом, андан соң 70 миң сом которгон.
Ал эми, 5-март күнү Лейлек районунун 37 жаштагы тургуну белгисиз жаран чалып, “Уулуңуз бирөөнү унаа менен сүзүп алды, биз чечишип алдык, андыктан тезинен 50 миң сом которуңуз”- деп акча салдырган.
Аталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, Чүй облусунун Москва районунун тургуну, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 20 жаштагы жигит экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.