Акжол Махмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде россиялык Роман Власов менен күрөшөт.
Күрөш 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорт ордосунда өтөт. Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашат.
Махмудов беттеш алдында соцтармактагы баракчасына билдирүү жасап, “Роман Власов экөөбүздүн кармашуубуз тарыхый окуя болорун билем. Андыктан күрөшкө өтө жоопкерчилик менен чыгып, жеңишти илип кетүү үчүн колдон келген аракеттин баарын жасайм. Карьерамдагы бул маанилүү учурга күбө болуп жатканыңар мени абдан кубандырат” — деген.
Белгилей кетсек, Акжол Мухмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын эки жолку чемпиону.