7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

20 жаштагы жигитти милициялар кылмышты мойнуна алдыруу үчүн эс-учу жоголгончо сабашкан

984

Токтогулда милиция кызматкерлери 20 жаштагы жигитти кылмышты мойнуна алдыруу үчүн эс-учун жоготкончо сабап, дубинка менен “зордуктайм” деп коркутушкан. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыз ээсинин кароо учурунда мойнунда, көкүрөгүндө жана колдорунда көгөргөн тактар бар экени аныкталган. Айтымында, милиция кызматкерлери аны чыканактары менен көкүрөгүнө уруп, колу менен муунтуп, бир нече жолу эсин жоготкон.

“Мындай мыкаачылык менен кыйноонун максаты бир нече кылмышты мойнуна алдыруу болгон. Арыздануучу андай кылмыштарды жасабаганын айтууда» — деп берилет маалыматта.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору фактыны каттап, бардык маалыматтарды прокуратурага өткөрүп беришкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

985