7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

20 жылдык бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге үй салып беришти

242

Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынын №31-Жумалы Татыкулов орто мектебинин 1986-1987-жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү айылдагы жалгыз бой энеге үй салып беришти. Бул тууралуу “Султан уулу Мааданбек” мечитинин имамы Ниязбек Мамытов билдирди.

Айыл имамынын айтымында, бүтүрүүчүлөр өз айылынын көйгөйлүү маселерин чечүүдө ар дайым көмөктөшүп келишет. Бул мезгилге чейин да бир топ алгылыктуу иштерге жардам колун сунушкан.

Салтка айланган 10 жана 20 жылдык мааракелерди уюштурушкан мектеп бүрүүчүлөрү бир күндүк жыргалчылыктын ордуна сооп иштерди жасап, айылдаштарынын алкоосуна татып келишет.

Жалгыз бой энеге жана анын балдарына арналып салынган үйгө жалпысынан 2 миллион сомдондон ашуун акча каражат жумшалган. Келээрки жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү ушул эле үйдүн тегерегин тосуп, дарбаза коюп берээрин убадалашты. Ал эми үйлүү болуп кубанып турган эне уюштуруучуларга жана демилгечилерге ыраазычылыгын билдирди. Сооптуу иштин башында турган 1987-жылкы балдардын мындай аракети айыл элин кубантты.

243