7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2003-жылдан бери оңдоло элек. Фучик көчөсү ачылды

285

Бишкектеги Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүн оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Фучик көчөсү жол кыймылы үчүн ачык.

“Бул тилкеге эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар толугу менен жаңыланды. «Вокко» ЖЧКсы жол белгилерин орнотуп, жол белгилерин түшүрүлгөн. Кийинки этапта Дэн Сяопин проспектисинен Аска-Таш конушуна  чейинки бөлүгүн оңдоо пландалууда”, — деп берилет маалыматта.

Ошондой эле Дэн Сяопин проспектисинен Жибек жолу проспектисине чейинки бөлүгү убактылуу жабылат — батыш тарабында жол кыймылы чектелип, чыгыш тарабы эки тилкелүү болуп уюштурулат.

Эскерте кетсек, Фучик көчөсү акыркы жолу 2003-жылы оңдолгон.

286