7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2014-жылдан бери издөөдө жүргөн чет элдик жаран көзөмөл камера аркылуу кармалды

103

2025-жылдын 8-ноябрында ИИМдин “Коопсуз өлкө” тутумуна кошулган жүздү таануу видеокамерасынын жардамы менен, 2016-жылдан бери Интерпол линиясы боюнча изделип жаткан чет өлкөлүк жаран 1992-жылы туулган У.С. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаран Молдова Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинде (зордуктоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн Молдова Республикасынын Ички иштер министрлигинин демилгеси боюнча мамлекеттер аралык жана эл аралык издөөдө болгон.

Алынган маалымат боюнча, 2014-жылы шектүү У.С. жашы жете элек кыздын эркине каршы зордуктоо менен физикалык зомбулук көрсөткөн.

Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындан аркы чараларды көрүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

 

104