Микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 2020-жылы 31,1 млрд сом суммасында кредиттер берилген. Алуучулардын саны 707 миң адамды түзүп, мурунку жылга салыштырганда 13,2 пайызга өскөн. Ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү — 3,2 пайызга көбөйгөн.
Микрокредиттердин олуттуу суммасы боюнча.
— Ош обл. — 6,8 млрд сом (21,8 %)
— Жалал-Абад обл. — 4,9 млрд сом (15,7 %)
— Бишкек шаарынын — 4,9 млрд сом (15,6)
— Чүй обл.- 4,2 млрд сом (13,4 %)
2020-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,6 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 28,2 пайызы — керектөөчүлүк кредиттерине, 10,4 пайызы — соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жана 8,1 пайызы — курулушка багытталды.
Муну менен бирге 2019-жылга салыштырганда айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү 2,4 пайыздык пунктка көбөйдү, ал эми соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө (2,2 пайыздык пунктка) жана курулушка (2,3 пайыздык пунктка), тескерисинче, кыскарды.
Микрокредиттерди кайтаруу деңгээли 2020-жылы өткөн жылга салыштырмалуу эки пайыздык пунктка көбөйүп, 95,4 пайызды түзгөн.