7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2023-жылы чыгарылган 15 көчмө гемодиализ аппараты сатылып алынды

557

Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо максатында республиканын ооруканаларына бөйрөктүн курч жетишсиздиги менен ооругандарды, анын ичинде COVID-19дан кийинки татаалдашуунун себебинен өөрчүгөн бөйрөк ооруларын дарылоо үчүн сууну тазалоо системасы бар 15 көчмө гемодиализ аппаратын орнотту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Бул аппараттар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатылып алынган. Анын максаты COVID-19 коркунучун алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү болуп саналат. Медициналык жабдуулар интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрүндө өтө зарыл, бөйрөктүн курч жетишсиздигинде (БКЖ) канды токсиндерден жана ашыкча суюктуктан тазалоо үчүн арналган.

Сатып алынган жабдуулар 2023-жылы чыгарылган жаңы муундагы көчмө гемодиализ аппараттары. Жабдуулар Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүштүрүү планына ылайык өлкөнүн бардык аймактарындагы негизги саламаттык сактоо уюмдарына орнотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

558