7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында 10 миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынды

142

Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарында Билим күнү белгиленип, 2026–2027-окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү.

Мэриядан билдиришкендей, мэр Жанарбек Акаев Арек айылындагы Ж. Атабаев атындагы №35 мектепте өткөн алгачкы коңгуроо аземине катышып, окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттуктады.

Иш-чаранын алкагында мектептин жаңыдан курулган ашканасы, спорттук жана актылык залдары пайдаланууга берилди. Ошондой эле шаар мэри мектепке окуучулардын билим алуусуна шарт түзүү максатында интерактивдүү доска белек кылды.

Белгилей кетсек, 2026–2027-окуу жылында Ош шаарында 10 миңден ашуун бала 1-класска барды

143