7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Манас шаарындагы «Акылман» Президенттик лицейин ачты

151

Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Манас шаарындагы «Акылман» Президенттик лицейинин ачылыш аземине катышты.

Жаңы билим уясы 410 окуучуга ылайыкталган. Учурда үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7–8-класстарга кабыл алынды. Лицейде 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, актовый зал жана спорт аянтчасы бар. Балдардын билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, чыгармачылык жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө бардык шарт түзүлдү.

 

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев окуу корпустарын көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты. Адылбек Касымалиев жакшы имарат — бул биринчи гана кадам экенин, андан аркы сапарды мугалимдин эмгеги, окуучунун аракети жана мектептеги күчтүү билим чөйрөсү аныктарын белгиледи.

Ал мугалимдерге өзгөчө милдет жүктөлөрүн баса белгилеп, ар бир баланын жөндөмүн ачып, өз алдынча ой жүгүртүүгө, изденүүгө, жаңы нерсе жаратууга үйрөтүү зарыл экенин айтты.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Президенттин тапшырмасына ылайык, «Акылман» лицейин бүткөн ар бир окуучуга адистикке ээ болгондон кийин жумуш менен камсыз кылууда артыкчылык берилерин эске салды.

152