7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2025-жылга чейинки электр жана жылуулук энергиясынын баасы бекитилди

812

2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, калк үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт жана кВт/саатына 0,77 жана 2,16 сом деңгээлинде калат. Айына 700 кВт саатка чейин керектөө менен тариф кВт саатына – 0,77 сомду, айына 700 кВт⋅сааттан жогору болсо, тариф кВт⋅саатына 2,16 сомду түзөт.

  • Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын керектөө нормасы жокко чыгарылды, башкача айтканда кВт/саатына 0,77 сом тарифи чектөөсүз иштейт.
  • Социалдык балдар мекемелери, электр транспорту, диний уюмдар үчүн өзүнчө тарифтер 1 кВтс үчүн 168 тыйын деңгээлинде (салыктарды эске албаганда) белгиленет.

Мында социалдык балдар мекемелери жана электр транспорту үчүн жогорулоо 10 тыйын же 6,3%ды түзөт, ал эми диний уюмдар үчүн тариф 56 тыйынга төмөндөтүлгөн.

Жогорулатуу төмөнкү категорияларга гана тийиштүү:

  •  насостук станциялар, алар үчүн тариф кВт⋅сааты/1,09 сомду түзүп, 31,6 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда);
  •  бюджеттик, өнөр-жай, айыл чарба жана башка керектөөчүлөр үчүн, алар үчүн тариф кВт⋅саатына 2,52 сомду түзүп, 28 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда);
  •  жогорулатуучу коэффициенттер колдонулчу коммерциялык түзүмдөрдүн энергия сыйымдуу керектөөчүлөрү (майнинг субъектилери, алтын өндүрүүчү компаниялар, куюу цехтери, алкоголдук өндүрүш, цемент заводдору).

Тарифтердин өзгөрүүсү инфляциянын деңгээлин эске алуу менен ишке ашууда. Алынган каражат жабдууларды жаңыртууга, трансформатордук көмөкчордондорду орнотууга, электр линияларын курууга жана генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга жумшалат.

2021-жылы калк үчүн жылытуу тарифи өзгөрбөйт жана Гкал/1134,76 сом өлчөмүндө калат.

Кийинки жылытуу мезгилинен тарта калк үчүн тарифтер 10% га жогорулайт (орточо эсеп менен 1 бөлмөлүү батирди жылытуу үчүн төлөмдүн айырмасы айына болжол менен 82 сомду же жылытуу мезгилине 410 сомду түзөт) 2021-жылы калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер дагы өзгөрүүсүз калат жана Гкал/981,76 сомду түзөт.

  • Келерки жылдан тарта калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер 14%га жогорулайт. Орто эсеп менен бир кишиге ысык суу үчүн төлөмдүн айырмасы айына м3/34,5 сомду түзөт. Бул бир нече жылдан кийин ысык суу менен камсыздоонун наркына жетүүгө мүмкүндүк берет, натыйжада, жылуулук тармактарын алмаштырууну жана реконструкциялоону, жылуулук пункттарын модернизациялоону, жаңы абоненттердин кошулуусун камсыздайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

813