«Женева шаарында (Швейцария) Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи жыйынтыкталды.
Мындан мурдараак кыргыз тарапка «Центерра» компаниясынын жетекчиси Скот Перриден нейтралдуу территорияда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушу менен каты келип түшкөн. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасы «Кумтөр Голд Компанинин» менчик ээси болуу сценарийин дагы карап көрүүгө даярдыгын жазган.
Кыргыз делегациясынын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, «Кумтөр голд компани» компаниясынын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана укук тармагындагы адистер катышты.
«Тараптар бир биринин пикирлерин угушту. Кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды жана зарыл болгон учурда аны улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен улантууга даяр», — деп билдирди Президенттин басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев.