7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дубайдагы Expo-2020: Кыргыз элинин маданиятын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлдү

550

Дубайда бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai (БАЭ) көргөзмөсү өтүүдө.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардын павильону үчүн уюштуруучулар эки кабаттуу имарат беришкен. Анда көчмөн жашоо образына негизделген кыргыз элинин оригиналдуу маданиятын, салтын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлдү.

Көрүүчүлөр боз үйгө кирип, үй буюмдарын кармалап көрө алышат. Павильондо салттуу кийим, зер буюмдар да коюлган. Ошондой эле атайын технологиянын жардамы менен виртуалдык турга барса болот.

Кыргызстандын стендинде дың жерлерди сугаруу жана өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо боюнча ата мекендик компаниялардын инновациялык чечимдери да коюлган. Expo-2020 Dubai 182 күн бою «Акылдарды бириктирип, жаркын келечекти түзөбүз» деген ураандын астында инновация, өнөктөштүк жана кызматташуу үчүн платформа катары кызмат кылат.

Эскерте кетсек, 14-декабрда дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында расмий өкүлдөрдүн катышуусунда Кыргызстандын улуттук күнү өткөрүлөрү күтүлүүдө. Программада мамлекеттин туусу көтөрүлүп, гимн жаңырып, эстрада жылдыздары ырдашат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

551