7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочуларга эскертүү: Төө-Ашуу менен Суусамырга кар жаады, аралыкты сактаңыз

788

Төө-Ашуу ашуусу менен Суусамыр өрөөнүнө кар жаады. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Аба ырайынын начарлашына байланыштуу айдоочуларды жолдо этият болууга жана жайкы дөңгөлөктөрдү алмаштырууга чакырат.

Жол кыймылынын коопсуздугу ошондой эле унаалардын ортосундагы аралыкты сактоону суранат.

Ошондой эле Бишкек — Ош унаа жолунун Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында кар жаап жатканына байланыштуу, Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖККК бөлүмү Бишкек тарапка сапарга чыккан бардык айдоочуларга, керектүү шаймандарды алып ошондой эле дөңгөлөктөрдү кышкы сезонго ылайыктуу алмаштырып андан соң гана сапарга чыгууларын эскертет.

Азыркы учурда Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында ЖККК кызматкерлери тарабынан, такси кызматын аркалап жүргүнчү ташыган унаалардын айдоочуларынын дөңгөлөктөрү текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

789