Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы «7 образ — бир тарых» аттуу 2026 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын визуалдык кампаниясын ишке киргизди.
Бул — Оюндардын коммуникациясында этап-этабы менен ачыла турган жети визуалдык сюжеттен турган серия. Ар бир сюжет маданияттын өзүнчө бөлүгүн кыймыл, спорттук тажрыйба жана адамдын салт менен мейкиндикке болгон байланышы аркылуу чагылдырат. Кампания 2026 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында башталып, санариптик каналдарда, медиа мейкиндикте жана шаардык визуалдык форматтарда ырааттуу түрдө жайылтылат.
«Ар бир кыймылда — өз ритми. Ар бир кадрда — өз тарыхы».
Кампаниянын биринчи этабы буга чейин башталды: аудитория акырындык менен жети визуалдык сюжет менен таанышууда. Алар биргеликте бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жаткан маданиятты адамдар, салттар жана оюндар аркылуу ачып көрсөтөт.
Ар бир сюжет реалдуу жашоодогу таанымал көрүнүштөргө негизделген: атты даярдоо, улуттук оюндар жана мелдештер, күнүмдүк жаңсоолор жана кыргыз турмушуна, салттарына терең сиңген ырым-жырымдар. Бул өткөндү кайра жаратуу эмес, маданияттын кыймылдагы жандуу көрүнүшү — азыр жана ушул жерде, Кыргызстандын тоолорунда, салт заманбап жашоонун бир бөлүгү катары жашоосун улантып жаткан мейкиндикте. Визуалдык серия 2026 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги көркөм жасалгасынын өзөгүнө айланып, тышкы жарнамада, социалдык тармактарда, расмий аянтчаларда жана медиа-кампанияларда колдонулат.
«7 образ — бир тарых» концепциясы кампаниянын бардык материалдарын бирдиктүү визуалдык тилге бириктирип, көчмөн маданиятын кыймылдын, мүнөздүн жана жашоонун жети ар түрдүү абалы аркылуу ачып берет.



