7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз кирген 24 тоннадан ашык пияз артка кайтарылды

229

22-майда Баткен облусундагы «Кызыл-Кыя» фитосанитардык көзөмөл постунда айыл чарба продукциясынын ири партиясын өлкөгө алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалым болгондой,  Өзбекстандан келген жүктү текшерүүнүн жүрүшүндө ташуу эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.

Адистер жалпы салмагы 24,7 тоннаны түзгөн пияздын таңгактарында милдеттүү маркировкасы жок экенин такташты. Бул Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) карантиндик фитосанитардык көзөмөл талаптарын одоно бузуу болуп саналат.

Регламентке ылайык, жүк ченемдерге жооп бербейт деп табылып, жөнөтүүчүгө — Өзбекстан Республикасына кайтарылып берилди.

Министрликтен баса белгилешкендей, өлкөгө ташылып келинип жаткан продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу максатында чек аралардагы көзөмөлдү күчөтүү иштери улантылууда.

230