7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

20дан ашуун кыргызстандык Израилден чыгып кетүүнү пландоодо

461

11-октябрга карата Израилде жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

«Учурда тизмеде 90 ашуун адам бар, алардын ичинен 20дан көп жаран Израилдин аймагынан чыгып кетүүнү көздөп жатат. Аларды аталган өлкөдөн сыртка алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иштелип жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик буга чейин күнү-түнү иштеген «ишеним телефону» ачылганын жана Израилдеги Кыргызстандын жарандарына көмөк көрсөтүү маселелери боюнча ыкчам штаб түзүлгөнүн эскертет.

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Израилде жашаган кыргызстандыктардан коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону өтүнөт.

Ишеним телефондорунун номерлери:
+90 5456896800 (Элчиликтин номери),
+972 533214916 (Кыргыз Республикасынын Израилдеги Ардактуу консулу).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

462