7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Elite House» компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев камалды

869

Бишкекте кармалган Элит Хаус курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 11-октябрындагы токтому менен Ф.Т.А.га карата Бишкектеги СИЗО-1 тергөө абагында кармоо менен 2023-жылдын 9-декабрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Буга чейин 10-октябрда Бишкекте Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалды деген маалыматтар тараган.

Эскерте кетсек, 2021-жылы май айында Бишкек шаарынын аймагынан жер тилкесин алууда коррупцияга катышууга, ошондой эле мыйзамсыз курулушка шектелип издөө жарыяланган. Анда сот аны сырттан СИЗО-1ге камакка алган. Бирок ошол эле жылдын июль айында камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сотко чейинки жана соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин эч жакка чыкпоо тил катына өзгөртүлгөн.

Белгилей кетсек, ал экологиялык жактан таза Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп да иштеген. Бирок, өткөн жылдын апрель айында Файзиев кызматынан бошотулган.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

870