7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мегаком» компаниясын Мамөнүктүрүү банкы 14,8 млрд сомго сатып алды

472

«Альфа Телеком» (соода маркасы MEGA) компаниясынын акцияларын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ «Альфа Телеком» ЖАКтын мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлдү.

Электрондук сатууга катышуу үчүн эки компаниядан билдирүү түшкөн:

1. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК;
2. «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК.

«Альфа Телеком» ЖАКтын 100 пайыз мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукциондун жыйынтыгы менен «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК жеңүүчү деп табылды, ал эң көп сумманы — 14 млрд 800 млн сомду сунуштаган.

Мамлекеттик үлүштүн баштапкы баасы 14 млрд 600 млн сомду түзгөн, электрондук аукциондун кадамы 200 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

473