Бишкек шаардык Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан Калеева Калия Замирбековнанын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүрүгүзүлүп жатат. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы 14-октябрда борбор шаардын жашоочусу К.Ч. арызы менен кайрылып, анын кызы 2000-жылы туулган Калеева Калияны издөөгө жардам берүүнү өтүнгөн. Ал 2020-жылы 19-сентябрда “Ала-Тоо” конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Аталган факт Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Белгилери: бою болжол менен 173-175 см, чачы кара, көзү күрөң, мурду түз.
Кийими: Мезгилге ылайык кийинген.
Белгилей кетсек, эгер сиздер жоголгон кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңиздер төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар.: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0(312) 352-632, 0(553) 102-465, 0(703) 401-600,0 (705) 450-553, 0(553) 102-880 7) и 102.