7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттик Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кармалды

692

Президентинин Аппарат жетекчисинин экс-орун басары Алмамбет Салиев тарабынан мыйзамсыз баюу фактылар аныкталды.

Такталгандай, Алмамбет Салиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары болуп турганда, жана ошондой эле КР мурдагы Президентинин артыкчылыгынан пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын лоббилеген укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен.

Ошондой эле, А. Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде, аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешеси менен салыштырып болбогон мүлктү сатып алгандыгы аныкталды.
Муну менен катар, А.Салиев ушундай жол менен алынган олуттуу каражаттарды көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында А.Салиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Иште чогултулган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 16-июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесини 3-бөлүмү (Мыйзамсыз баюу) фактысы боюнча Алмамбет Салиев кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

693