7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайырбек Абдрахман: Кымбатчылык, кургакчылык, пандемия… Мындай учурда кыргыздар түлөө өткөрчү эле

2841

Акыркы экологиялык жана экономикалык, социалдык жана саясий абал, пандемия менен партиялар парады баары биригип карапайым адамдардын жашоосуна оор сокку берип турат. Алдыга көз чаптырып ойлоно билгендер, тооболоп жакасын кармап, кудайдын жолуна арнап түлөө өткөрүүнү сунуш кылууда.

Журналист Шайырбек Абдрахманов, өздүк баракчасына «ата-бабалардын жолун жолдоп, замандын оңолушун тилек кылып түлөө өткөрсөк бекен», -деп коомчулукка суроо салды.

«Тообо кылдым! Кудай сактасынчы деги. Бир учурда бүт баары тарып кетти да. Илгеркилер жутчулук болуп, ошол жылы эл кыйналган десе элестете алчу эмес экенбиз. Мына эми келе жатат сыяктуу ошо.. Бизге эле эмес кошуна казакстанда да катуу дейт.
Кудай сакта. Жай келгенине жарым ай болбой суу жок, арыктар какшып, буудай өсүп өспөй сапсары, жамгыр да жаабай августа бышчу чөп азыр эле бышып кетти. Элде суу талаш.
Базарда баа кымбаттады. Күйүүчү май күн алыс секирип алат 50, 51 , 52 деп. Чөп жай башында эле 200 сом. Кара-Балтадан өйдөлөп Сосновка тарапка бет алсаң айдоо аңыздын бети сапсары. Кече гана кызгалдакка толуп турган жашыл талаа жок. Азыр болгону июндун 17 си. Алдыда июль, август, сентябрь келе жатат.
Мындайда чоң аталарыбыз түлөө өткөрүп, кудайга жалынып, пейилди оңдоп, замандын оңдолушун тилек кылышчу. Мүмкүн биз деле ошентебиз я, кандай дейсиңер?», -деп жазылат.
Бул пикирди кармангандар көп.
«Адамдардын пейили таарыды, пейилиңе жараша сени дал ошондой тагдыр күтөт дейт го. Пейилди кенен койгонду унуттук эч бир инсандын жакшылыгын көрбөйбүз акча үчүн баарын жаман дегенге устабыз. Туура айтасыз түлөө өткөрүп койгон жакшы чын дилден», — деп жазат интернет колдонуучулар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2842