Кыргызстанда акыркы бир суткада 35 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул акыркы айлардагы эң чоң көрсөткүч.
Маалыматка ылайык, жалпысынан COVID-19 менен 5 004 медициналык кызматкер катталды, алардын 4 710у айыгып чыкты.
8-июнга карата расмий эсепте оору жуккан медкызматкерлердин 100дөн ашыгы каза болду.
Эскерте кетсек, бийлик буга чейин коронавирустан каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнө миллион сомдон, жуктуруп алгандарга 200 миң сомдон кенемте төлөө тууралуу токтом чыгарган. Кийинчерээк ал өзгөртүлүп, каза болгондорго 2 миллион 800 миң, жуктуруп алгандарга 75 миң сомдон төлөнмөй болгон.