Бишкекте пауэрлифтинг боюнча Борбор Азиянын ачык чемпионаты болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 17-20-июнь күндөрү «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Ар кандай жаш курактагы жана салмактагы 400дөй спортчу катышары күтүлүүдө.
«Спорттук иш-чара үчүнчү ирет болгону турат. Ал Пауэрлифтинг федерациясынын жетекчиси, Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Дороженконун демилгеси жана Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын колдоосу менен өтөт»,- деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, пандемияга жана дистанциялардын уюштурулушуна карап спортчулар эки тайпага бөлүнөт.