Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна талапкерлер арасындагы сынак 24-июнь күнү өтөт. Аалымдар кеңешинин маалыматы боюнча, тандоо турунан 9 талапкер өткөн. Ал эми муфтий 26-июнда шайланат.
16-июнда Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы муфтийликке арыздарды кабыл алууну аяктады. Алар:
- Нурбек Токтогулов,
- Шүкүр Исмаилов,
- Нематилла Жээнбеков,
- Ниязали Арипов,
- Убайдулла Сарыбаев,
- Шакир Маматов,
- Сайдамир Жейналиев,
- Замир Ракиев.
Муфтий шайлоо сынагынын алдында Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрөгалыгына да сынак өтмөкчү.
Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгү, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.
10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.
11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда.