7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстанда өкмөттү сындаган юрист 5,5 жылга эркинен ажыратылды

532

Тажикстанда Facebook социалдык түйүнүндөгү билдирүүсү үчүн юрист Абдулмажид Ризоевди 5,5 жылга эркинен ажыратты.

Ризоевдин адвокаты Дилафруз Самадованын айтымында, Шохмансур райондук соту юристтин соцтармактагы билдирүүлөрүн «экстремисттик» деп тапты.

 

«Прокуратура Ризоевдин Facebook’тагы бир нече билдирүүсүнө анализ жүргүзүп, аны «улуттук коопсуздукту туруксуздаштырышы мүмкүн болгон экстремисттик ишмердүүлүккө чакырууга» айыпташкан. Прокурор анын «Акылдуу өкмөт нааразылыктардын себептери менен күрөшөт, наадан бийлик нааразылыкка чыккандар менен күрөшөт» деген билдирүүсүн жашыруун экстремизм деп атаган», — деди адвокат.

Ал Ризоев күнөөсүз экенин жана ал эч кандай мыйзамды бузбаганын кошумчалады.

Кезинде «Ампаро» укук коргоо уюмунда эмгектенген Абдумажид Ризоев акыркы жылдары жарандарга юридикалык кеңеш берген «Дурахшон гурух» коомдук бирикмесинде иштеп келген.

Тажикстанда 2016-жылы Кылмыш кодексине «экстремизм менен терроризмди ачык актоо» түшүнүгү киргизилген. Андан бери интернеттеги мындай мазмундагы билдирүүлөргө «лайк» койгондор экстремизмди актоо жана экстремисттик идеяларды пропагандалоого айыпталып келишет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

533