7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө дагы 787 адамдан вирус аныкталды

525

Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус дагы 787 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдирди.

Алар:

  • Бишкек шаарында – 368,
  • Ош шаарында – 97,
  • Чүй облусунда – 130,
  • Ош облусунда – 96,
  • Талас облусунда – 11,
  • Нарын облусунда – 2,
  • Ысык-Көл облусунда – 20,
  • Жалал-Абад облусунда – 38,
  • Баткен облусунда – 25.

Ал эми бир суткада 365 адам илдеттен сакайды, алар:

  • Бишкек шаарында – 194,
  • Ош шаарында – 17,
  • Чүй облусунда – 68,
  • Ош облусунда – 23,
  • Талас облусунда – 3,
  • Ысык-Көл облусунда – 23,
  • Жалал-Абад облусунда – 16,
  • Баткен облусунда – 16 адам.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 169 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 712 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 455 бейтаптын абалы орто оордукта, 602 адамдын абалы оор жана 94 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 35 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 4 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 710 медкызматкер айыгып чыкты.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 112 миң 777 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 103 миң 930 киши айыгып чыкса, 1 миң 916 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

526